Түрк Кеңешинин Башкы Катчысынын "Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык күнү'' боюнча куттуктоосу

Бүгүн биз Түрк Тилдүү Мамлекеттер Кызматташтыгынын түптөлүшүнө негиз болгон Нахчыван Келишиминин түзүлгөндүгүнүн 12 жылдыгын белгилеп жатабыз.
Кылымдардан бери келе жаткан бир туугандык байланыштарды конкреттүү өнөктөштүккө айландырууга мүмкүнчүлүк берген бул тарыхый күн жыл сайын 3-октябрда “Түрк Тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Күнү” катары белгиленип келет.
Түрк Тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Кеңешинин бардык мүчө мамлекеттери, он жылдык кыска мөөнөттө Түрк Кеңешинин өз регионунун чегинден да ашкан абройлуу жана таасирдүү институтка айланышына, мекеменин ийгилигине жана үзүрлүү аракеттерине сыймыктанышат.
2020-2021-жылдар бардык кыйынчылыктарга карабастан жалпы Түрк Дүйнөсү үчүн жеңиштүү мезгил болду десек жаңылышпайбыз. Анткени бул жылдардын аралыгында биздин биримдигибиз абдан маанилүү жетишкендиктердин күбөсү болду. Өзгөчө боордош Азербайжан жерлеринин оккупациядан бошотулушу, өлкө суверенитетинин жана аймактык бүтүндүгүнүн калыбына келтирилиши жалпыбыз үчүн манилүү окуя болуп калды. 44 күнгө созулган мекен үчүн болгон согуш учурунда Түрк Кеңеши Азербайжандын адилеттүү аракетин ар тараптуу колдоп турду, Азербайжандын жеңиши бардык мүчө мамлекеттерибиз үчүн сыймыктануу болду.
Ошондой эле ушул жылы, онлайн режимде өткөн Түркстан Бейрасмий Саммитинде, мүчө мамлекет башчыларыбыз миң жылдык цивилизациялардын кесилишиндеги маданий борбор болгон Түркстан шаарын Түрк Дүйнөсүнүн руханий борбору деп жарыялашты.
Мамлекет башчыларыбыз ушул эле Саммитте Түрк Кеңешинин учурдагы иштерин, пландарын жана долбоорлорун, ошондой эле анын келечектеги план жана максаттарын өз ара талкуулашып, пикир алышышты. Мамлекет башчыларыбыздын Түркстан Саммитинде өз өлкөлөрүнүн желектеринин жанына Түрк Кеңешинин желегин да коюп, өз ара биримдик жана тилектештикте болгондуктарын көрсөтүштү. Бул Түрк Тилдүү Мамлекеттер Кеңешинин аракеттерине жогорку баа берилгендигинин эң айкын көрсөткүчү.
Ошондой эле, боордош Түркмөнстан Республикасынын Түрк Кеңешине мүчө болуп кириши биздин кызматташтыгыбызды мындан ары да кеңейтип, биздин уюмдун алкагында кызматташууга жаңы дем берди десем жаңылышпайм.
Түрк Кеңеши акыркы бир нече жыл ичинде эң жемиштүү жана активдүү мезгилин баштап өткөрүп жатат. Бул жылы биз экономикадан транспортко, саламаттык сактоо сферасындан билим берүүгө, жаштар жана спорттон туризмге чейинки 20дан ашуун кызматташуу багытында абдан конкреттүү жана үзүрлүү иштерди аткардык. Бул тармактарды камтыган министрлик жана эксперттик деңгээлдеги жолугушуулардан тышкары, ар кандай темалар боюнча форумдарды, жогорку деңгээлдеги конференцияларды, тармактык семинарларды, тренингдерди жана өз ара кызматташууну жогорулатууга багытталган программаларды уюштурууну уланттык.
Экономикалык кызматташуу жаатындагы интенсивдүү аракеттерибиз, биздин өлкөлөрдүн чакан жана орто ишканаларын колдоого багытталган Түрк инвестициялык фондунун тез арада түзүлүп ишке кириши менен өз жемишин бере баштайт.
Ошондой эле, азыркы оор шарттарга ылдам ыңгайлашуу менен орток уюмубуздун алкагында саламаттыкты сактоо жаатында да көптөгөн конкреттүү иштерди жүргүздүк, пайдалуу долбоорлорду иштеп чыктык, кызматташуу механизмдерин түздүк. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму менен кызматташып баштадык, пандемиядан кийинки мезгилдин талаптарын эске алуу менен бардык тармактар ​​боюнча кызматташууну пландарыбызга киргиздик. Айыл чарба, суу жана миграция сыяктуу жаңы кызматташтык багыттарында биргеликте иштөө үчүн план түздүк.
Мүчө мамлекеттерибиз оор кырдаалда бири -бирине көптөгөн техникалык жана гуманитардык жардам көрсөттүшүн жана эпидемияга каршы күрөшүүдө мыкты тажрыйбаларын бөлүшкөнүн өзгөчө баса белгилеп кетким келет.
Бул иш-чаралардын жыйынтыктарын анализдеп талкулоо үчүн үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Стамбулда тарыхый мааниге ээ боло турган мамлекет башчыларынын Саммитин өткөрөбүз. Бул Саммитте Түрк Кеңеши жана жалпы Түрк Дүйнөсү үчүн өтө чоң мааниге ээ көптөгөн чечимдер кабыл алынмакчы.
Келечекке карай бекем кадам таштап баратабыз, тилектештигибизди көрсөтүп турган бул маанилүү күндө да өз жоопкерчилигибизди эң ​​жогорку деңгээлде экендигин сезебиз. “Түрк келечеги – 2040” стратегиялык концепциясында белгиленген жаңы максаттар жана демилгелер менен, Түрк мамлекеттери тыгыз кызматташтыктын жана терең интеграциянын жаңы этабына кирип бармакчы.
Бул жылы биз төрт мүчө мамлекетттерибиздин Эгемендүүлүктөрүнүн 30 жылдыгын да белгилеп жатабыз, бул биз үчүн сыймык. Түрк Кеңеши катары мүчө мамлекеттерибиздин экономикалык, социалдык жана саясий тармактарда жетишкен ийгиликтери менен ар дайым сыймыктанабыз. Ошондой эле мындан ары да жалпы максаттарга ылайык чечкиндүү иштей беребиз деп терең ишендиргим керек.
“Түрк Тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык” Күнүндө мүчө мамлекеттерибиздин мамлекет башчыларына, министрликтерге, коомдук мекемелерге, бизнес дүйнөсүнүн өкүлдөрүнө жана биздин уюмдун ишмердүүлүгүнө ар дайым колдоо көрсөтүп келе жаткандыктары үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.
Дүйнө жүзүндөгү бардык Түрк тилдүү элдерди 3 -октябрь “Түрк Тилдүү Мамлекеттердин Кызматташтык Күнү” менен чын жүрөктөн куттуктооо менен, жалпы Түрк дүйнөсүнө тынчтык, биримдик жана ынтымак каалайбыз.
Багдад Амреев
Түрк Кеңешинин Башкы Катчысы
Leave a reply

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *